whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
22.06.2025
34.6 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларЭкономикаАлгачкы алтын комбинаттын арымы

Алгачкы алтын комбинаттын арымы

Өлкөбүздүн экономикасын өргө сүрөгөн өнөр жай тармагы жөнүндө сөз болгондо, алгач Тогуз-Торо районундагы “Макмал” алтын кени эске келет. Бүгүнкү күндө “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы аталган легендарлуу ишкана өз ишин улантууда.

Кендин тарыхынан

“Макмалалтын” кени Жалал-Абад облусунун  Тогуз-Торо районунда Казарман айылынан 45 км. түштүктө, деңиз деңгээлинен 1900-2600 м бийиктикте жайгашкан. 1967-жылы алтындын запасы табылып,  1969-80-жылдары геологиялык  чалгындоо иштери жүргүзүлүп, 1986-жылдан тартып ишке киргизилген.

“Макмал” 1986-жылдан 2003-жылга чейин ачык жол менен казылып алынган. 2003-жылдан кендин жер алдындагы корун иштетүү  башталган. Кенди 2019-2023-жылдар аралыгында кытайлык инвесторлор иштетип келишкен. Бирок, алардын иши анчалык натыйжалуу болбогондугуна байланыштуу, “Кыргызалтын” ачык акционердик коому 100 пайыз өзүнө алган. Кен мамлекетке өткөндөн бери кайрадан кирешелүү ишканалардын бири болуп калды.

Өткөн жыл жемиштүү болду

“Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын директорунун биринчи орун басары Руслан Насирдиновдун айтымында, 2024-жылы “Макмал Голд Компани” ЖЧКсына 322 кг. алтын өндүрүү бекитилсе, иш жүзүндө 326 кг. 800 грамм өндүрүлүп, тапшырма ашыгы менен аткарылган.

“Кыргызалтын”ААКынын тийиштүү адистери менен биргеликте “Макмал Голд Компани” ишканасында  өткөн жылы 2 кен казма  (штольная) ишке киргизилди.

Чалгындоо иштери жүргүзүлөт

“Макмалдын” ишмердүүлүгүн узартуу максатында быйылкы жылы чалгындоо иштерин жүргүзүү мерчемделүүдө. Учурда долбоордук документтерди тийиштүү мамлекеттик мекемелер менен макулдашуу иштери жүрүүдө. Бул документтер аягына чыкса, чалгындоо иши 2 тилкеде жүргүзүлөт.

Чалгындоо иштери  2 жылдын ичинде аяктоосу күтүлүүдө. Ал оң жыйынтыгын бере турган болсо, комбинаттын өмүрү  дагыда узарат. Алдын ала маалыматтар боюнча  чалгындоо жүргүзүлө турган эки  тилкеде 14 тоннадай алтындын кору бар.

Бүгүнкү күндө чалгындоо жумуштарына долбоор даярдалып, Каргалык айыл өкмөтүнүн эли менен коомдук угуу өткөрүлдү.

Жумушка жергиликтүү тургундар тартылган

“Макмал Голд Компани” ишканасында  653 киши иштесе, алардын 90 пайызын жергиликтүү тургундар түзөт. Эгерде, жогоруда айтылгандай чалгындоо иштери оң натыйжасын берсе, кенде иштеген кызматкерлердин саны мындан да жогорулашы күтүлүүдө.

Түзүлгөн жагымдуу шарттар

Өткөн жылы ишканада  иштеген кызматкерлердин маянасы сезилээрлик деңгээлде жогорулады. Директор Руслан Асеиновдун демилгеси менен жыл аягында кызматкерлердин баары сый акы алышкан.

Ишкананын ашканасы толугу менен капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн. Учурда жумушчуларга бекер 3 маал ысык тамак берилип келет. Андан сырткары заманбап шарттар менен жабдылган жатаканалар бар. Кендин кызматкерлерин үйдөн жумушка жана жумуштан үйгө жеткирүү үчүн атайын кичи автобустар  каралган. Мындагылар  мезгилге жараша атайын  жумушчу кийимдер менен акысыз камсыздалышат. Кен казып иштегендер 15 күн иштеп, 15 күн эс алышат. Алардын иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Түшкөн акчанын 2 пайызы районго жумшалат

“Макмал” ишканасы кирешенин 2 пайызын райондук фондго чегерип турат. Өткөн жылы бул сумма 40 млн. сомго жакын болду, ал акчаны райондук фонд өзүнүн муктаждыгына карата жумшайт.

Экологиялык нормалар толук сакталат

“Макмал Голд Компани” ишканасында  калдыктарды сактоочу атайын жай бар. Калдыктар атайын фабрикада зыянсыздандырылган соң калдык сактоочу жайына кетет. Жыл сайын Экотехинспекциянын Жалал-Абад облустук филиалынын адистеринин тийиштүү уруксат кагаздары алынат,  ишкананын өндүрүштүк иши  экологиялык паспорттун негизинде жүргүзүлөт. Андан сырткары көз карандысыз экологиялык лабораториялар тарабынан  жылына бир жолу текшерилет.

Өлкө башчысынын “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында жыл сайын ишкананын айланасына  көчөттөрдү отургузуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Муну менен эле чектелбестен райондун ичине дагы атайын бөлүнгөн жер тилкелерге көчөттөр отургузулуп келүүдө. Бул жылы дагы көп сандагы көчөт отургузуу жетекчилик тарабынан мерчемделүүдө.

Өзгөчө кырдаалда ишкананын техникалары жардам берет

Тогуз-Торо тоолуу аймак болгондуктан, жаз мезгилинде сел жүргөн өзгөчө кырдаалдар учурунда “Макмал Голд Компани” ишканасынын атайын  оор техникалары жардамга жиберилет. Андан сырткары кышында кар калың жааганда жолду тазалоо иштерине да ишканын техникалары тартылат.

Материалдык-техникалык базасын чыңдоо

“Кыргызалтын” ААКы “Макмал Голд Компани” ЖЧКсын  100 пайыз өзүнө алгандан кийин материалдык-техникалык базаны чыңдоо багытында алгылыктуу иштер аткарылууда. Мурда шаар аралык жүк тартуучу машина жок болгондуктан, жеке жактар менен кызматташып келишсе, учурда “МАN” маркасындагы унаа сатылып алынган.

Белгилей кетсек, кендеги жумушту үзгүлтүккө учуратпоо үчүн ар бир унаа өз учурунда техникалык кароодон өткөрүлүп турат.

Компания кесиптик окуу жайлар менен түзүлгөн келишимдин алкагында, адистердин квалификациясын жогорулатуу максатында жылына бир жолу окуудан өтүп турушат.

Кендеги ишти илгерилетүү максатында Кытайдын “LiuGong” компаниясынын жаңы техникалары сатып алынды. Бул компания техникаларынын популярдуулугу боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Буга чейин 6 атайын техника сатылып алынса, быйыл 7 атайын техникаларды сатып алуу пландалууда. Алардын бири тез жардам унаасы болмокчу.

Кошумчалай кетсек, директор Руслан Асеиновдун иштин көзүн билгендиги, талыбаган эмгегинин натыйжасында компаниянын кирешеси жогорулап, ага жараша ишкананын авто унаа бөлүмүн толук капиталдык оңдоодон өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Андан сырткары, компаниянын административдик имаратын толугу менен оңдоо иштери ушул жылга пландалууда.

Медициналык пунктта баары жетиштүү

Ишкананын алдындагы медициналык-фельдшердик пункту тарабынан кызматкерлердин ден-соолугу дайыма көзөмөлдөнүп турат. Анда алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар каралган. Комбинаттын кызматкерлери бир жылда бир жолу толук медициналык кароодон өтүп турушат. Ал эми кенде иштеген кызматкерлердин балдары жыл сайын эс алууга лагерлерге жиберилип турат.

Социалдык жардам

Райондогу бала бакчаларга колдоо көрсөтүү “Макмал” кенине салт болуп калган. Жыл сайын 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата райондун бала бакчаларындагы бөбөктөрдү түрдүү балмуздактар, оюнчуктар менен кубантып келет. Ишкана тарабынан “Кыргызалтын” ААКсы менен биргеликте Тогуз-Торо районунун тургундарына жана мекеме ишканаларына байма-бай жардамдар көрсөтүлүп келет.  Андан сырткары чет өлкөдөн кымбат баалуу операцияга муктаж болгон райондун жашоочулары кайрылган учурда аларга дагы каржылык жардам көрсөткөн учурлары бар.

Султанбек АМАНБЕК уулу,
«Кыргыз Туусу»

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар