Бүгүн, 20-ноябрда Президент Садыр Жапаров физикалык алтын менен камсыздалган жана АКШ долларына байланган улуттук стейблкоин USDKGнин алгачкы эмиссиясынын расмий ишке киргизүү аземине катышты.
Иш-чарага Финансы министри Алмаз Бакетаев жана «Виртуалдык Активдердин Эмитенти» ААК башчысы Бийболот Мамытов да катышты.
Аземдин жүрүшүндө катышуучулар «Эмиссияны ишке киргизүү» баскычын басып, Tron түйүнүндө 50 миллион даана USDKG токени чыгарылганын жарыялашты. Ар бир токен 1 АКШ долларына барабар жана физикалык алтын менен толук камсыздалган.
USDKG – бул Кыргызстан мамлекетинин толук колдоосуна ээ болгон, алтындын ишенимдүүлүгүн жана блокчейн технологиясынын натыйжалуулугун айкалыштырган санариптик валюта.
Долбоордун ишке кириши өлкөгө бир катар мүмкүнчүлүктөрдү ачат:
-
глобалдык финансы экосистемасында Кыргызстанды бекемдөө;
-
Web3-инфраструктураны жана борбордон ажыратылган сервистерди өнүктүрүү;
-
инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу;
-
технологиялык өнөктөштүктөрдү кеңейтүү.
Стейблкоиндин эмиссиясы мамлекетке 100% тиешелүү болгон «Виртуалдык Активдердин Эмитенти» ААК тарабынан ишке ашырылат. Бул долбоордун жогорку ишенимдүү жана институционалдык туруктуу экенин көрсөтөт.
USDKGнин ишке кириши – Кыргызстан үчүн санариптик финансы багытындагы жаңы баскыч жана инновациялык инструменттер реалдуу активдер менен камсыздалганда экономикага кызмат кыла аларын далилдеген кадам болуп калды.


