whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.01.2026
-8.9 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешЖогорку Кеңеш Азамат Жамангуловду министр кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңеш Азамат Жамангуловду министр кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңештин жыйынында Азамат Жамангуловду Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселеси каралып, жактырылды.

Азамат Жамангуловду Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министри кызматына дайындоо жөнүндө президенттин сунушун президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Анда айтылгандай, Санариптик өнүктүрүү министрлиги Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги болуп өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу министрлик кызматка Азамат Жамангуловдун талапкерлиги кайрадан сунушталды.

Талкуу маалында депутаттар мамлекеттик кызматтарды жакшыртуу, бюрократиялык жол-жоболорду азайтуу керектигин белгилешти. Алсак, депутаттар Бактыбек Чойбеков, Бакытбек Марипов «Түндүк» электрондук кызмат кѳрсѳтүлѳр мамлекеттик парталы аркылуу алына турган кызматтардын санын көбөйтүү зарылдыгын айтышса, эл өкүлү Алишер Козуев тармактык министрликти мектептерге жана бала бакчаларга электрондук кезек системасын жакшыртууга, бул жаатта ички мигранттардын укуктарын эске алууга чакырды.

Гезит

Дөөлөтбек БЕРИКБАЕВ: “Биз жаңы баскычтагы жаңырган Кыргызстанды курууга бет алдык

       Мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты, “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти,  “Уңгужол” доктринасын ишке ашыруу боюнча “Уңгужолдун насааткери” сертификатынын ээси Дөөлөтбек...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар