whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүЧыныбай Турсунбековдун V мааракелик поэзия фестивалы

Чыныбай Турсунбековдун V мааракелик поэзия фестивалы

Чыныбай Турсунбековдун V мааракелик поэзия фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи 26-июнда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында болуп өттү.

Маалыматка ылайык, маданий саамалыкка Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, ошондой белгилүү акын, жазуучулар, коңшу Казакстан, Өзбекстандан келген акын, жазуучу жана өнөр инсандары катышууда.

Фестивалдын жүрүшүндө акындар поэзия кечесин уюштуруп, чыгармачылык кечелер, китеп көргөзмөлөрү жана адабий окуулар менен коштолот.

Белгилей кетсек, фестивалдын уюштуруучусу Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд 2020-жылы түзүлгөндөн бери кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө, жаш калемгерлерди колдоого, улуттук поэзиянын нукура баалуулуктарын сактоого жана даңазалоого багытталган ишмердүүлүктү жүргүзүп келет.

Фонд тарабынан жыл сайын поэзия боюнча конкурс уюштурулуп, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук адабий байге ыйгарылат. Ошондой эле, эссе жана көркөм окуу боюнча сынактар өтүп, мыктыларга 100 миң сом сыйлык каралган. Бул ирет да байгелер каралган.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар