Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Фейсбуктагы баракчасында чет элдик жарандарга тиешелүү батирлерге салыкты көбөйтүүнү сунуштады.
«Акыркы убакта мага Кыргызстанда батирлерди активдүү сатып алуу боюнча тынчсызданган жарандар, өзгөчө КЭРдин жарандары көбүрөөк кайрыла баштады. Эл мындай темп менен турак-жай жакында кыргызстандыктардын өздөрү үчүн жеткиликтүү болбой калат деп чочулашууда», — деди эл өкүлү.
Дастан Бекешев чет элдиктерге Кыргызстандан батир сатып алууга тыюу салып койсо да болорун, бирок мындай чара менен мамлекет инвестицияны жоготуп аларын кошумчалап:
«Ошондуктан мен акылга сыярлык компромиссти сунуш кылам – чет элдиктерге таандык кыймылсыз мүлккө салыкты көбөйтүү. Бул бир эле учурда бир нече маселелерди чечет: жергиликтүү бюджет толукталат; турак жай базары калыбына келет; жарандарыбыздын кызыкчылыгы корголот», — деди.

