Башкы беткеМинистрлер кабинетиӨзгөчө кырдаалдар министри АКШ Элчиси Лесли Вигерини кабыл алды

Өзгөчө кырдаалдар министри АКШ Элчиси Лесли Вигерини кабыл алды

Кечээ, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев АКШнын Кыргыз Республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты талкуулап, анын конструктивдүү жана прогрессивдүү мүнөзүн белгилешти. Өзгөчө көңүл өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы кызматташтыкка, тажрыйба алмашууга жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө бурулду.

Тараптар өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатуу максатында биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, заманбап ыкмаларды жана технологияларды киргизүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүүнү макулдашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Чыныбаев жана Элчи Вигери калктын жана аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар