Манас эл аралык аэропортунун реконструкциясы 2026-жылдын май айында аяктайт. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын инфраструктура жана регионалдык аэропорттор боюнча директору Алтынбек Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, реконструкция иштери эки этапка бөлүнгөн. Биринчи этап графикке ылайык толугу менен аяктап, анын алкагында учуп-конуу тилкеси жаңыланып, жаңы асфальт төшөлгөн. Мындан тышкары, жарык берүүчү жана сигналдык системалар модернизацияланган.
“Биринчи этаптагы бардык иштер толук бүткөрүлүп, тиешелүү сертификат алынган”, — деди Алтынбек Мамбетов.
Экинчи этап аэровокзал комплексин кеңейтүүнү жана ички бөлмөлөрдү жаңылоону камтыйт. Бул иштер өткөн жылы башталып, үстүбүздөгү жылдын май айында аяктары пландалууда. Андан кийин терминалдын жаңы бөлүгү пайдаланууга берилип, жүргүнчүлөрдү кабыл ала баштайт. Ошол эле учурда эски имаратты реконструкциялоо иштери да улантылат.
Компаниядан белгилешкендей, объектти этап-этабы менен ишке киргизүү аэропорттун ишин токтотпой жүргүзүүгө жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту камсыздоого мүмкүндүк берет.

