whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАйына 3000 сом өлчөмүндөгү жөлөкпулду кимдер алышат?

Айына 3000 сом өлчөмүндөгү жөлөкпулду кимдер алышат?

Кыргызстанда көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо максатында жаңы жөлөкпул киргизилет. Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койгон токтом «Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу үчүн кабыл алынды.

Жаңы жөлөкпул «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» деп аталып, төмөнкү жарандарга (үй-бүлөлөргө) тиешелүү болот:

  • бийик тоолуу жана алыскы, барууга кыйын аймактарда жашагандарга;
  • өзгөчө статусу бар айрым чек ара конуштарында жашагандарга;
  • үч жашка чейинки үчүнчү жана ар бир кийинки баласы бар үй-бүлөлөргө.

Бул категориядагы жарандар ар бир балага айына 3000 сом өлчөмүндө жөлөкпул алышат. Жөлөкпул бала төрөлгөн күндөн тартып үч жашка чыкканга чейин төлөнөт.

Каржы министрлигине республикалык бюджеттен каражатты өз убагында бөлүү тапшырылды. Ал эми Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги токтомду ишке ашырууга жооптуу болуп эсептелет.

Жаңы тартип 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар