whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомАяз Баетов Рим папасынын тажыясына катышты

Аяз Баетов Рим папасынын тажыясына катышты

26-апрелде Ватиканда өткөн Рим папасы Францисктин тажыясына Кыргызстандын атынан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, юстиция министри Аяз Баетов жетектеген делегация катышты. Бул тууралуу кыргыз өкмөтү кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ватиканга 50дөн ашуун өлкө жетекчилери, анын ичинде АКШ, Аргентина, Франция, Германия, Италия, Польша, Филиппин, Финляндия жана Украинанын лидерлери, Британиянын жана Жаңы Зеландиянын өкмөт башчылары барган.

Ошондой эле ондон ашуун падышалык үй-бүлө мүчөлөрү, 150 өлкөнүн өкүлдөрү, 224кө жакын кардинал жана 750 епископ, диниятчы катышканы айтылат.

Папа Францисктин сөөгү Римдеги Санта-Мария-Мажоре базиликасына коюлду.

Эске салсак, Кыргызстан менен Ватикан дипломатиялык алака-катыш түзгөнүнө 30 жылдан ашты. Бул маалда жогорку деңгээлде бир катар расмий сапарлар уюштурулган. 2024-жылы 4-октябрда Садыр Жапаров Ватиканда Папа Франциск менен жолуккан.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар