whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомТоолуу аймактардагы көп балалуу энелерге акча төлөө коомдук талкууда

Тоолуу аймактардагы көп балалуу энелерге акча төлөө коомдук талкууда

Кыргызстанда бийик тоолуу жана жол жетиши татаал аймактарда жашаган көп балалуу энелер үчүн «Бала береке» бир жолку төлөм берүү тартибин аныктоо боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду. Бул демилге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан даярдалган.

Долбоорго ылайык, төлөмдү алуу укугуна ээ болуу үчүн энелер жогоруда аталган аймактарда кеминде алты жыл туруктуу жашашы керек. Ошондой эле арыз берүүчүлөр Кыргызстандын жарандыгына же кайрылман күбөлүгүнө ээ болушу зарыл.

Бир жолку төлөм бала бир жашка толгондо берилет. Төлөмдү 2026-жылдын 1-январынан кийин төрөлгөн төртүнчү жана андан кийинки балдарын төрөгөн энелер ала алышат.

Документте белгиленгендей, эгер арызга жалган маалымат же документтер тиркелсе, бала толугу менен мамлекеттик камсыздоодо болсо же туруктуу жашоо фактыларын тастыктаган документтер жок болсо, төлөм берилбейт. Ошондой эле каттоодо туруп, бирок чындап жашабаган энелер бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана алышпайт. Баланын апасы каза болгон учурда, балдарды камкордукка алган адам да арыз менен кайрыла алат.

Эгерде бала бөөдө кырсыктан же күтүүсүз жагдайдан сырткары чарчап калса, бул төлөм каралбайт.

Төлөмдү алуу үчүн арызды Социалдык фонддун жергиликтүү бөлүмдөрүнө тапшыруу талап кылынат.

Бул долбоор 2024-жылдын 23-декабрында Президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган жарлыкка ылайык ишке ашырылып жатат. Ага ылайык, 2026-жылдан тартып төрт жана андан көп балалуу үй-бүлөлөргө төмөнкүдөй өлчөмдө бир жолку төлөмдөр берилет:

  • Төртүнчү бала үчүн – 100 000 сом;
  • Бешинчи бала үчүн – 600 000 сом;
  • Алтынчы бала үчүн – 800 000 сом;
  • Жетинчи бала үчүн – 1 000 000 сом;
  • Сегизинчи бала үчүн – 1 200 000 сом;
  • Тогузунчу бала үчүн – 1 500 000 сом;
  • Он жана андан көп балалуу болгон үй-бүлөлөргө – 2 000 000 сом.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жети жана андан көп балалуу энелерге “Баатыр эне” наамы ыйгарылат. 1992-жылдан бери бул наамды алган энелердин саны 40 миңге жакындады.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар