Башкы беткеЖогорку КеңешМарлен Маматалиев Тажикстан жана Казакстандын парламент өкүлдөрү менен жолугушту

Марлен Маматалиев Тажикстан жана Казакстандын парламент өкүлдөрү менен жолугушту

Ассамблеянын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Алгач ал Тажикстандын өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын чыңдоо жана парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Марлен Маматалиев чек ара маселелеринин чечилиши эки мамлекеттин алакасын жаңы деңгээлге чыгарганын белгилеп, соода-экономикалык жана гуманитардык байланыштар кеңейгенин айтты. Ошондой эле ал тажик спортчуларын сентябрда Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.

Өз кезегинде Файзали Идизода Кыргызстан Тажикстан үчүн ишенимдүү өнөктөш экенин айтып, диалогду улантуу жана чек араны демаркациялоо маанилүү экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Марлен Маматалиев Казакстандын Мажилис төрагасы Ерлан Кошанов менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда саясий-экономикалык, гуманитардык кызматташтык жана парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды.

Жолугушууда быйыл Кыргызстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттер аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү пландалып жатканы белгиленип, бул өнөктөштүккө жаңы дем берери айтылды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар