whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
14.05.2025
19.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаИӨБ Кыргызстандын айыл чарбасына 45 млн доллар бөлдү

ИӨБ Кыргызстандын айыл чарбасына 45 млн доллар бөлдү

Кыргызстан менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда жалпы суммасы 45,11 млн долларлык келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, каражат  «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ААКтар аркылуу «Кыргызстанда айыл чарбасын механизациялоого көмөк көрсөтүү үчүн каржылоо» долбоорун ишке ашырууга жумшалат.

Аталган долбоордун алкагында агрардык сектордун техникага болгон муктаждыгынан улам, дүйнөлүк рынокто болгон бааларды эске алуу менен биринчи этапта эле 1800 айыл чарба техникасын сатып алуу мерчемделген, анын ичинде:

– 600 ар кандай маркадагы жана модификациядагы тракторлор;
– 100 дан жыйноочу жана тоют жыйноочу комбайндар;
– 1000ге жакын айыл чарба машиналарын, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалар үчүн машиналарды жана жабдууларды сатып алуу болжолдонууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар