Башкы беткеСаясат жана коомКоомАдылбек Касымалиев Ливиянын Президенттик кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Адылбек Касымалиев Ливиянын Президенттик кеңешинин төрагасы менен жолугушту

5-августта Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанда Ливия мамлекеттинин Президенттик кеңешинин төрагасы Мохаммед Юнис Ахмед Аль-Менфи менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, тараптар сүйлөшүүдө эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу келишимдерге жетишүүгө басым жасашты. Ошондой эле өз ара колдоого негизделген БУУнун алкагында кызматташуу талкууланды.

Өкмөт башчы Кыргызстан араб дүйнөсү жана Африка континентинин өлкөлөрү, анын ичинде Ливия менен кызматташтыкты кеңейтүүгө маани берээрин белгиледи.

Тактап кетсек, аталган жолугушуу деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышуунун алкагында өттү.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар