Башкы беткеСаясат жана коомКоомНотариустар ККМ системасына интеграцияланды

Нотариустар ККМ системасына интеграцияланды

Юстиция министрлигинин “Электрондук нотариат” системасы Салык кызматынын контролдук-кассалык машиналарынын (ККМ) системасына бириктирилди. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 26-марттан тарта «Электрондук нотариат» системасын пайдаланган нотариустар ККМ колдонуудан бошотулат. Бирок нотариустар тарабынан жүргүзүлгөн бардык төлөмдөр Салык кызматынын маалыматтар базасына түздөн-түз автоматтык түрдө катталып турат.

Салык кызматы мындай кадам финансылык агымдарды көзөмөлдөөнү жакшыртууга, салыктык тартиптин деңгээлин жогорулатууга, салык төлөөдөн качууга жол бербөөгө жана нотариустардын ишин жөнөкөйлөштүрүүгө мүмкүндүк берерин билдирди.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар