Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАрмения ШКУга мүчө болуу ниетин билдирди

Армения ШКУга мүчө болуу ниетин билдирди

Армения Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) кирүү ниетин билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин Telegram-каналында кабарланды.

Билдирүүдө: «Шанхай кызматташтык уюмунун негизги принциптерин, тактап айтканда, аймактык бүтүндүк, күч колдонбоо жана чек аралардын кол тийбестигин бөлүшүү менен Армения Республикасы ШКУга мүчө болуу ниетин билдирди», — деп айтылат.

Белгилей кетсек, 27-июнда Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян ШКУнун баш катчысы Нурлан Ермекбаев менен жолугушуп, ШКУ менен кызматташуу маселелерин талкуулап, өнөктөш өлкө статусунда буга чейин катталган натыйжаларга канааттангандыктарын билдиришкен.

Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) 2001-жылдын 15-июнунда Кытайдын Шанхай шаарында мамлекет башчыларынын жолугушуусунда негизделген. Экономикалык кызматташтык жана коопсуздук, экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча Азия мамлекеттеринин эл аралык уюму болуп саналат.

ШКУга учурда Орусия, Кытай, Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Индия, Пакистан, Иран жана Беларусь Республикасы кирет.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар