Бүгүн Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев эксперттер менен салтка айланган жолугушууда Египетте Кыргызстандын элчилиги жакында ачылар деген жакшы кабар угузду. Президенттин тапшырмасына ылайык, өкмөт тарабынан элчиликти ачуу боюнча тиешелүү аракеттер соңуна чыгып калды.
Кыргыз лидери Садыр Жапаров 2025-жылы ноябрда Египетке биринчи ирет расмий сапар менен барган. Мамлекет башчысынын былтыркы сапары жемиштүү болуп, эки тараптуу негизги документтерге кол коюлуп, кызматташуу жаңы деңгээлге чыккан. Африка континентине жасалган алгачкы кадам болгон. Африканы өздөштүрүү үчүн Египеттеги элчилик чоң мааниге ээ. Эми элчиликтин ачылышы менен Кыргызстандын Египет гана эмес, Африка өлкөлөрү кызматташуусунун мазмуну байып, динамикасы өсмөкчү.


