Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек араны тактоо боюнча сүйлөшүү процесси соңуна чыкканы расмий жарыяланды. Эми өкмөттүк делегациялар даярдаган жыйынтык документтер ар бир өлкөнүн парламентинде бекитилип, процедуралар аяктаган соң, аларга кол коюлуп, күчүнө кирет.
Тарыхый чечим
Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын ортодогу мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен жыйыны үзүрлүү аяктады. Жыйынга Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов төрагалык кылышты.
Президент Садыр Жапаров былтыр жыл этегинде Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси биротоло чечилерин, эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясы ишин аяктаса документти тышкы иштер министрлери бекитип, мыйзам долбоору андан кийин парламенттерден ратификациядан өтсө эки президент кол коёрун билдирген. “Албетте, эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алуу менен чечилди. Эки өлкөнүн ортосунда чек ара меселесин делимитациялоодо бир жактын кызыкчылыгын жогору коюп чечип алуу деген болбойт. Сөзсүз бирдей кызыкчылык болуш керек. Талаш жерлерде да тил табыштык десек болот. Анткени илгертен талаш болуп келген жерлерди теңме-тең бөлүштүк. Айрым жерлерди теңме-тең алмашуу болду. Азыр кагаз иштери аяктоо алдында турат”, – деген эле мамлекет башчысы.
21-февралда Бишкекте өткөн биргелешкен жыйында жалпысынан үч документтин, тактап айтканда мамлекеттер аралык бир келишимдин жана эки макулдашуунун долбоору даярдалып, тийиштүү кагаздарга кол коюлду.
Алардын биринчиси “Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишим” деп аталат. Экинчиси – “Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы автомобиль жолдорун куруу жана пайдалануу, автомобиль жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу”. Ал эми үчүнчүсү “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети менен Тажикстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу” деген аталышта.
Парламенттер ратификациялап, президенттер кол койгондон кийин кыргыз-тажик чек арасы мына ушул документтердин негизинде аныкталып, белгиленет.
Чек араны тактоо боюнча жүргүзгөн ишинин жыйынтыгын чыгарып жатып, эки мамлекеттин делегация башчылары маселе дээрлик чечилгенин жар салышты. Камчыбек Ташиев бул күн тарыхый экенин айтты:
“Бүгүн тарыхый күн, чек араны макулдашуу аяктады. Эми юридикалык каттоо, андан кийин парламенттер аркылуу ратификациялоо, президенттерибиздин кол коюусу калат. Бүгүн биз Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу протоколго кол койдук. Делимитация жана демаркация боюнча мамлекеттик комиссиялар чек аранын бардык тилкелери боюнча толук макулдашууга жетишкенин расмий билдирет”.
Ушул тарыхый чечимдер саясий эрк-тин натыйжасы. Чек араны аныктоо ар бир өлкө үчүн ар бир доордо оор миссия, татаал иш болгону анык. Дааган киши даайт, милдетин алат жана чечет. Экинчиден, эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын аныкталышы, биротоло чечилиши Кыргызстан менен Тажикстандын гана эмес, бүтүндөй Борбордук Азиянын коопсуздугунун зарыл фактору. Үчүнчүдөн, чек ара ажырымдын сызыгы эмес, коңшулардын ынтымагынын, элдердин тыгыз алакасынын аймагы болууга тийиш деген саясий идеалга карай жол.
.
Жол жана суу маселеси көйгөй бойдон калбайт
Жол демекчи, талдоочулар гана эмес, айрым саясатчылар да коңшулардын ортосунда жол жана суу маселеси талаш жана татаал экенин, чек ара сызылса да ушул эки проблеманын чечилиши кыйын экенин белгилеп келишкен. Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожидин Мухридин эки апта мурун маалымат жыйынында кыргыз-тажик чек арасы такталып бүткөнүн, алдыда дагы карала турган бир канча маселе турганын маалымдап, бир катар суу объектилери дагы эле жумуш топторунун кароосунда экенин, бул жайларды алдыда эки мамлекет кандай шартта колдонору такталып жатканын белгилеген. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев эки маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, бир-эки жолугушууда бүтүүгө тийиш, анткени динамика оң, биз чек араны тактап бүттүк, эми анын баары чогуу кетет маанисинде кеп кылган эки жума мурда. Оптимизмге негиз бар экен, кудай жалгап. Суу мамлекеттер ортосунда гана эмес, катардагы коңшулар ортосунда талаштын предмети болуп келген.Демек өлкөлөр суу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүүсү абзел. Эки өлкө региондо суу маселесинде абалы бирдей, позициялары жакын. Экөө тең суунун башы. Туура, айрым суу объектилерин пайдаланууда макулдаша турган, дыйкандардын чатагына жеткирбей жөнгө сала турган жагдайлар жок эмес. Андыктан чогуу отуруп сүйлөшүп, суу саясатын ишке ашырган механизмдерди, принциптерди макулдашып алуу
зарыл.
Ал эми Кыргызстан менен Тажикстан же жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрү чектеш аймактардагы жолдордун статусу, анклавдарга кирип-чыгуу эрежелери, ал аймактарды кайтаруу боюнча биргелешкен эреже кабыл алып, иретке салуу маселелери да эки өлкөнүн өз ара макулдашууларынын жана биргелешкен аракеттеринин натыйжасы болуусу кажет.
Жол маселесинде деле эки тарап келишимди жакшылап иштеп чыгып, аны бекем сактоо зарыл. Айрыкча жолдорду пайдалануунун так жол-жоболорун, ар бир субъект үчүн эрежелерди иштеп чыгып, эки жак тең бекем сакташы керек. Дүйнөлүк тажрыйбаны эске алуу абзел, маселен, үч-төрт мамлекет аркылуу өткөн айрым магистралдарды пайдалануу тууралуу макулдашып алып, чыр-чатагы жок эле колдонуунун мыкты мисалдары бар. Маселен, Европада чек ара сызыгы шаар ичиндеги бир көчө аркылуу өткөн мамлекеттер бар. Ошол көчөлөрдө полиция кызматкерлеринин биргелешкен патрулу, эки өлкө үчүн бирдей иштеген тез жардам кызматы, инфраструктураны эки жактын тең жарандары бирдей пайдаланып, ал тургай тигил же бул объектини пайдалануу үчүн акысын да эки тарап бирдей кабыл алган учурлар бар.
Сыргак ЭСЕНБЕК