whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
27.6 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАкча бар, иш солгун

Акча бар, иш солгун

“Ынтымак Ордодо” Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев коллегия өткөрдү. Кызык көрүнүштөр байкалды. Келбесине кеткен совет мезгилинде кездешкен нерсе көз карандысыздык калыбына келген доордо кайталанып туру. Ал – бөлүнгөн акчанын өздөштүрулбөй калышы. Жакшы жагы – каражаттын жетиштүүлүгү. Мындан 30 жыл мурда иштеген жетекчилер жакшы билет, министрликтер менен жергиликтүү бийлик органдары акчанын тартыштыгынан абдан кыйналчу. Каражат жок, элдин суроо-талабы күч, проблемалар арбын, тапшырмалар катуу. Мүмкүнчүлүгү чектелүү жетекчилердин журт алдында сөзү кем эле. Бюджет профицит менен бекиди дегенде ишенбеген скептиктер жок эмес. Бирок президенттин администрациясынын коллегиясында айтылган фактылар бюджет абдан көбөйгөнүн, акча тартыштыгы проблемасы аны өздөштүрүү проблемасы менен алмашканын кашкайта көрсөтүп турат. Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев райондук мамлекеттик администрациялардын жана облустук маанидеги шаарлардын 2024-жылы аткарган иш-аракеттерине карата жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары туурасында кыскача баяндама жасады. Баяндамачы президент тарабынан акимдерди республиканын түндүк-түштүк принциби менен дайындоо чечими коомчулук жана жергиликтүү жарандар тарабынан колдоо тапканын, 2024-жылы республика боюнча жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформа аймактарда алгачкы ийгиликтүү жыйынтыктарын бере баштаганын, аймактык реформаны жүргүзүүгө президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана акимдер чоң салым кошушканын белгиледи. 2024-жыл ийгиликтүү жылдардын бири болду. Ар кандай тармактагы жүздөн ашык өнөр жай ишкана ишке киргизилди. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы бардык облустарда камсыз кылынып, инвестиция тартуу, айыл чарба жана башка тармактарда өсүштөр байкалды. Бирок президенттик администрация жүргүзгөн мониторинг айрым ведомстволор, облустар жана райондор республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды өз убагында өздөштүрө албагандыгын, жергиликтүү бюджетти өздөштүрбөстөн мамлекеттен дотация алуу практикасы көпчүлүк айыл өкмөттөр үчүн көнүмүш адатка айланганын, айрым жетекчилер билим берүүнүн, саламаттыкты сактоонун жана социалдык коргоонун сапатынын төмөндүгүнө тийиштүү деңгээлде көңүл бурбаганын көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Казыбек Молдажиевдин коллегиянын жүрүшүндө жасаган баяндамасында мамлекеттик органдардын бюджеттик каражаттарды өздөштүрүүнүн деңгээли өтө төмөн экендиги белгиленди. Анын айтымында, 2022-2024-жылдар аралыгында пайдаланылбай калган каражаттардын көлөмү жыл сайын 10 миллиарддан 12 миллиард сомго чейин жеткен.

«Бюджетти толтуруу боюнча эбегейсиз күч-аракет жумшалып жатканын эске алганда, бул жол берилгис жагдай. “Тилекке каршы, айрым ведомстволор бөлүнгөн каражаттарды эффективдүү пайдалана албай жатканын көрсөтүшүүдө”, – деп баса белгиледи Казыбек Молдажиев. Баяндамачы бул көйгөйдү бир катар мамлекеттик органдар, анын ичинде Илимдер академиясы, Бажы кызматы жана аймактарды өнүктүрүү фонддору үчүн “өнөкөт” деп атап, «Кыргызстандарт», Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттик жана Сот департаментинде бюджеттик каражаттарды бөлүү көрсөткүчүнүн өтө төмөн болушу өзгөчө тынчсызданууну жаратат, бул жерде 2024-жылы бөлүү көрсөткүчү 41%дан 62%га чейин түзгөнүн маалымдады.

Ал эми аймактарды өнүк­түрүү фонддоруна борбордук бийлик тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, каржылоонун олуттуу өсүшүнө карабастан, 2024-жылы өнүгүү 77 пайызды гана түзгөн экен.  Дээрлик бардык облустарда аймактарды өнүктүрүү фонддорундагы каражатты өздөштүрө албаган райондор бар экен. Облусттук шаарларга президент тарабынан 1 млрд. сомдон каражат берилсе, айрым шаарлар аны да оңдуу өздөштүрө албаптыр. Бу кечиримсиз көрүнүш.

Энеси жок менен оозанткансып, көпчүлүк жетекчилер жоктон башканы айтпайт, а чындыгында колундагы акчаны ырыстуу пайдалана албай жатканы министрликтердин жана жергиликтүү бийлик органдарында системалуу проблема бар экенин каңкуулап турат. Алар кандай проблемалар экенин, кадрлардын сапатсыз, дарамети төмөн экенин биз боолголой алабыз, бирок айта албайбыз. Администрация кызматкерлери сапатсыз менеджмент жана пландаштыруу, долбоорлорду ишке ашырууда тийиштүү көзөмөлдүн жоктугу, эсептөөлөрдөгү каталар, экспертизанын создуктурулуп, подрядчылардын баш тартуусу сыяктуу көйгөйлөр негизги себептер деп эсептейт. Албетте, ар бир учур кылдат талдоого алыныш керек. Ошондуктан МинКаб башчысы тийиштүү методикалык окуу куралын даярдап бериш керектигин кызматкерлерине тапшырды.

Туш келди таратылган лицензиялар

Президенттик администрациянын коллегиясынын отурумунда Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билим берүү тармагын реформалоо жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча чараларды көрүү зарылдыгын билдирди.

Коллегияда өзгөчө статусу бар ЖОЖдордун ишмердүүлүгү, 12 жылдык билим берүү маселелери, кадрлардын жетишсиздиги, жогорку окуу жайларды лицензиялоо жана аккредитациялоо жаатындагы маселелер боюнча баяндамалар угулду.

Туура, президент Садыр Жапаров билим берүү тармагына чоң көңүл буруп жатат. 2022-жылдан бери алты жогорку окуу жайына өзгөчө статус берилди. Билим берүү жана илим министрлигинин мектептерге 12 жылдык билим берүүнү киргизүү саясаты колдоого алынууда. Бирок бул тармактагы кемчиликтер орчундуу.

Ушул маселе боюнча президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин контролдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Осмоновдун баяндамасында медициналык кадрлардын кескин жетишсиздиги жана адистерди даярдоонун сапатынын төмөндөшүнүн коркунучтуу тенденциясы байкалганын, өзгөчө жеке менчик ЖОЖдордо баш аламандык орун алганы көрсөтүлдү. «Талдоо курч кырдаалды аныктады: өлкөдө 5000ден ашык медициналык кызматкерлер жетишсиз, ал эми 50 жаштан ашкан дарыгерлердин саны 3200дөн ашат, алардын көбү пенсия курагында. Жыл сайын ЖОЖдор 2000ге жакын дарыгерди бүтүрөт, бирок алардын төрттөн бир бөлүгү гана, мамлекеттик клиникаларга иштешет. Ал эми дарыгер үчүн негизги фактор бул тажрыйба, аны мамлекеттик мекемелерде гана толук алууга болот. Жаш адистердин толук кандуу практика жетишсиз жеке клиникаларга кетиши бейтаптардын ден соолугуна коркунуч жаратат. 2023-жылы тиш доктурдун тажрыйбасыздыгынан жаш баланын каза болушунун трагедиялуу мисалы бул көйгөйдүн ачык ырастоосу болуп саналат», – деп баса белгиленди баяндамада. Билимди экспорттоо жана медициналык университеттерди лицензиялоо маселесинде одоно мыйзам бузууларды жана кемчиликтер бар экенин администрация жүргүзгөн мониторинг көрсөттү. Баяндамага ылайык, лицензиялоо көбүнчө формалдуу мүнөзгө ээ, сапат талаптары этибарга алынбайт, ошол эле учурда айрым жеке менчик ЖОЖдордо материалдык-техникалык ресурстардын жана квалификациялуу окутуучулардын жетишсиздиги чечилбей келет. Бир нече ЖОЖдордо окутуучуларды жасалма жумушка алуу фактылары да аныкталган.

“Билим бербейбиз, акчага диплом беребиз”

Жогорку окуу жайларында билим сапаты оор проблема бойдон калууда. Чет элдик студенттерге англис тилинде сабак өтүү талабы сакталбайт. Чет өлкөлүк студенттер үчүн медициналык окуу жайларында окутуу англис тилинде жүргүзүлөт. Эреже, талап ушундай. Бирок жеке ЖОЖдордун мугалимдеринин үчтөн бир бөлүгү гана англис тилин жакшы биле турганы тестирлөөдө аныкталыптыр.

Демек “акча төлө, ошол акчага биз сага билим бербейбиз, бирок билим алды деген диплом беребиз” деген философия орун алган сыяктуу. Андыктан адистерди сапаттуу даярдоо жана бейтаптардын коопсуздугун кепилдөө максатында медициналык билим берүү жана лицензиялоо системасын катуу көзөмөлгө алуу зарыл.

Иш сапар майнапсыз болсо, саякатка айланат

Коллегияда мамлекеттик органдардын ишине талдоо жүргүзүлүп, чет элдик иш сапарларга кеткен чыгашаларды оптималдаштыруу маселесине көңүл бурулуп, чет өлкөлүк иш сапарларды уюштуруудагы бир катар олуттуу кемчиликтер белгиленди. Президенттик администрация-нын кызматкерлери жүргүзгөн талдоого ылайык, жетекчилердин чет өлкөгө жасаган иш сапарлары өлкөгө сезилерлик пайда алып келбей жатканын жана бюджетти олуттуу чыгымга алып келүүдө. Тиешеси жок сапрарларга да чыккан учурлар бар экен. Уруксат берилбесе да болбой, улам суранып, такыр уруксат жок болсо да чет өлкөгө чыгып кеткен жетекчилер да жок эмес экен. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык иш сапарларынын натыйжалуулугуна көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Ишти оңдоо керек

Ооба, көп жетекчилер дисциплинардык жаза алды, айрымдары кызматтан кетти. Талдоочулар мынчалык көп кызматкер жазаланган жана кызматтан четтетилген
жыйын көптөн бери боло элек деп белгилешет.

Коллегиянын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Билим берүү жана илим министрлигине учурдагы көйгөйлөрдү чечүү жана лицензиялоонун бирдиктүү мамлекеттик платформасын киргизүү үчүн жаңы жеке менчик жогорку окуу жайларды лицензиялоого убактылуу мораторий жарыялоо тапшырылды; аккредитациялоо боюнча чечимдерди карап чыгуу, аккредитациялоо жол-жоболорун өркүндөтүү, аккредитациялоочу агенттиктердин стандарттарын жана жол-жоболорун оптималдаштыруу, агенттиктерге каршы санкцияларды катаалдаштырууну кароо; Министрликтин бардык бөлүмдөрүндө санариптик контролдоо механизмдерин киргизүү, лицензиялык жана контролдоо боюнча милдеттерди аткарбаган кызматкерлерге тартиптик жаза чараларын колдонуу, министрликтин тиешелүү бөлүмдөрүндө кызматтык иликтөө жүргүзүү.

Саламаттык сактоо министрлигине ченемдик укуктук актыларды эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү жана клиникалык мекемелердин сапатына көзөмөлдү күчөтүү тапшырылды.

Экономика жана коммерция министрлигине стандарттарды жогорулатуу аркылуу лицензиялоо процесстерин жөнөкөйлөтүү, ошондой эле мыйзамдарда коррупциялык тобокелдиктерди жок кылуучу механизмдерди иштеп чыгуу тапшырылды.

«Ынтымак Ордонун» жооптуу кызматкерлери мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуунун кошумча механизмдери каралып жатканын, анын ичинде ишиндеги кемчиликтери үчүн айып салуу жана сый акыларды алууга чектөө киргизүү каралып жатканын маалымдашты.

Сыргак ЭСЕНБЕК

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар