whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
24.03.2025
14.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүАла-Арча дарыясындагы селди кантип токтотсок болот?

Ала-Арча дарыясындагы селди кантип токтотсок болот?

Былтыр жаз айларында өлкө аймактарында сел жүрүп, үйлөр, автоунаалар, ал тургай бир нече адам бул тилсиз жоонун курмандыгы болгон. Ошол учурда тоо тараптан агып түшүп, Бишкектин дал ортосун бөлүп өтүүчү Ала-Арча суусунун кооптуулугу тууралуу да кеп козголуп, жай ортолоп кайра ал көңүл сыртында калган. Жакында редакциябызга профессор, КРнын эмгек сиңирген ойлоп табуучусу Сабатбек Сатаркуловдун Ала-Арча дарыясындагы селдин алдын-алуу боюнча омоктуу сунушу келди. Маани бере турган материал болгондуктан гезитибизге жарыяладык. 

72 жыл мурунку кооптуу сел

Эске салсам, 1953-жылы 22-июнда Ала-Арча дарыясында сел өткөн. Селдин башаты Тез-Төр коктусунда пайда болуп, андан Адыгене сайына өтүп, андан Ала-Арча дарыясына кошулган. Бул сел дарыядагы суу агызгычтарды, гидротехникалык курулмаларды талкалап, каналдарды жана эгин себилген аянттарды шилендилерге толтурган. Мамлекетке жалпы 500 миң рублдан(СССР маалында бул чоң сумма болчу) ашык зыян келтирилип, Ала-Арча сайына жакын жашаган элге, айрыкча, селдин огунда орногон борборубузга катуу коркунуч туудурган. Бирок негедир бул селдин келип чыгышы терең изилденбей калган.

1957-жылы май айында белгилүү советтик илимпоздор Константин Артамонов менен А.Н.Крошкин селдин башталышынан аягына чейин изилдеп чыгышкан. Селди өз көзү менен көргөн А.Н. Кириченко менен А.Н.Стройкованын жазып калтыргандары боюнча селге мындайча аныктамаларды берсе болот: Ошол 20-21-июнь күндөрү 3000-3500 миң бийиктикте абанын температурасы 15-17° сельсияга чейин ысып, ал жерде кар, муз эрий баштаган. Буга кошумча ал жерде эки жума бою катуу жамгыр жааптыр. Муз, кар, жамгырдын суулары табигый көлгө кирип, чегинен ашкан көлдүн суусу Тез-Төр коктусуна, андан Адыгене сайына, сайдан кайра Ала-Арча дарыясына куюла баштайт. Эки агызгычтан өткөндө, суунун агымы шилендилерге каныгып, анын 70
пайызы катуу бөлүкчөлөрдөн туруп калган. Натыйжада 3-4 метрге жеткен, ар түрдүү таштан, шагылдан, кумдан турган сел төмөн карай аккан. Кез-кезде агымдын ичинен чоң-чоң таштар 5 метрден алыс аралыкка чейин ыргып турган. Ошентип агымдын ылдамдыгы  Адыгене дарыясынын чатына келгенде секундасына 5 метрге чейин жетиптир. Ошол кездеги Гидромет кызматынын билдирүүсү боюнча селдеги эң чоң чыгым – 50 м3/с жеткен жана селдин 6 пайызы шилендилер болгон. Эгерде Адыгене дарыянын чатында кеңири аянт (1а сүрөт) жана Ала-Арча дарыясында таштарды тосуучу жай (1б сүрөт) болбосо шилендилер андан дагы көп болмок. Бул жерлерде таштардын көбү кармалып калып, калганы Ала-Арча дарыясынын нугуна кошулган. Ошондуктан 1953-жылы 22-июнда өткөн сел борбор шаарыбызга көп анчалык коркунуч туудурган эмес экен.

1-сүрөт. Селдин шилендилеринин конус түрүндө топтолушу.
а – Адыгене сайынын кеңейиши; б – Ала-Арча сайынын кеңейиши; 1 – Адыгене дарыясы; 2 – Ала-Арча дарыясы; 3 – Муратай коктусу; 4 – селдин агуу багыты;  5 – шилендилердин топтоо чеги; 6 – майда бадал.

Селди токтотуучу көлчө толгону калды

Ала-Арча дарыясы селдүү дарыялардан болгондуктан, андан ар түрдүү чоңдуктагы сел өткөн жана өтө да берет. Андыктан Ала-Арча дарыясында сел менен күрөшүүгө болобу, болсо кандай жолдор менен күрөшсө болот деген маселеге келели. Селди токтотуунун бирден-бир жолу сыйымдуулугу бар курулманы куруп, анда селди кармап калуу. Мындай курулмалар бизде селкана, шилендилерди топтоочу жай, көл жана башка деп аталат. Ала-Арча дарыясындагы сел менен күрөшүүдө мына ушундай курулманы пайдаланыш керек.

1967-жылы Ала-Арча дарыясында «Туш» каналына  суу берүү үчүн жер тосмо (плотина) курулган. Тосмонун узундугу 350 метр, бийиктиги 13 метр. Бул тосмо аркылуу өзөндүн гана эмес, анын жээктери менен чектелген өрөөндүн жайылма тилкелери да тосулган. Мына ушул себептен курулманын жогору жагында аянты жети гектар болгон жасалма көл пайда болгон (бул курулмага тиешелүү дагы 15 гектар жер бар). Бул гидротехникалык курулманын иштегенине 55 жылдан ашты. Ошончо мезгилден бери дарыядан же анын салааларынан жүргөн селдерди ошол көл тосуп калып жатат. Башкача айтканда, сел менен келген шилендилер толугу менен ушул көлдө калат. Сел гана эмес анча-мынча кирген агын суулар да шилендилерин ушул жерде калтырат. Бул процесс 55 жылдан ашык жүргөндүктөн көл шилендилерге толуп, дарыя ушул жети гектар жерде жайылып агууда (2 сүрөт). Чогулган суулар курулманын суу өткөрүү тешиги аркылуу төмөн агып жатат. А көлчөдө топтолгон шилендилердин калыңдыгы 10 метрге жетти. Тосмонун бийиктиги 13 метр экенин эске алсак, азыркы кезде көлчө шилендилерге толук толо элек.

2 сүрөт. Ала-Арча дарыясындагы шилендилерге толуп келе
жаткан жасалма көлмө. 1 – дарыянын капчыгайдан чыккан жери;
2 – жер тосмо, 3 – суу алгычка алып баруучу дарыя нугу.

Эгерде көлчө толсо кирген же ташкын суулар өзүнө ылайыктуу нукту жаратып алат. Эгерде бул процесске сел агымы да катышса, анда нук түз болот. Себеби, сел түз акканды жакшы көрөт. Бул убакыт 3-4 жылга жетпей келет. Андыктан аталган көлчөнү шилендилерден тазалап, шилендилерди сыртка алып кетүү керек. Ташып кетүүгө мүмкүнчүлүк болбосо шилендилерди дарыянын оң жак жээгине (тоонун этегине) үйүп койсо да болот. Эгер бул сунуш эске алынса:

– селдин коркунучтуу күчтөрү ушул жерден жок болот;

– шилендилерден бошогон кирген (алардын ичинде селдик) суулар айыл жана шаардыктарга көп коркунуч туудурбай, зыянсыз өтүп кете
берет;

– «Туш» башкы каналга таза суу берилип, ал жактагы тармактарга курулган курулмалардын иши оңолот;

– шилендилерге (таш, шагыл, кум ж.б.) кызыккан мекемелер, аларды керектүү көлөмдө бекер ала берет.

С. САТАРКУЛОВ,
II даражадагы Манас орденинин ээси, техника илимдеринин
кандидаты, профессор

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар