Кытайдын Гуандун провинциясындагы Фошань шаарында адам сымал роботторду чыгарган биринчи толук автоматташтырылган завод иштей баштады. Бул тууралуу Kazinform агенттиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, долбоор Guangdong Dongfang Precision жана Leju Robotics компаниялары тарабынан ишке ашырылган. Анын негизги максаты — робот өндүрүшүн сыноо стадиясынан толук кандуу заводдук деңгээлге өткөрүү. Жаңы өндүрүш линиясы ар 30 мүнөт сайын бир гуманоид робот чыгарууга мүмкүндүк берет. Жылдык өндүрүш көлөмү 10 миңден ашуун даананы түзөт. Өндүрүш процесси 92% автоматташтырылып, 20дан ашык заманбап технология колдонулат. Алардын ичинде компьютердик көрүү системалары да бар. Тетиктерди чогултуудагы тактык 0,02 миллиметрге чейин жетип, жогорку сапатты камсыздайт.
Бул долбоор Гуандун провинциясын робот техникасынын маанилүү борбору катары өнүктүрүүгө багытталган. Белгиленгендей, 2025-жылы Фошань шаарында өндүрүлгөн роботтордун саны 29,6%га өсүп, 46 миң даанага жеткен.

