Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев парламенттик делегацияны жетектеп, Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барды.
Москва шаарындагы аэропорттон кыргыз делегациясын Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Анна Кузнецова баштаган расмий өкүлдөр тосуп алышты.
Сапардын алкагында Марлен Маматалиев Москвадагы В.Ф. Орлов атындагы «Марьина Роща» мектебине барып, мигранттардын балдарын мектепке кабыл алуудагы тестирлөө тартиби менен таанышты. Депутаттар тест тапшырмаларынын татаалдыгына көңүл буруп, аны жөнөкөйлөтүү боюнча сунуштарын айтышты. Ошондой эле делегация мүчөлөрү тесттен өздөрү да өтүп көрүштү.
Төрага билим алуу мүмкүнчүлүгү чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктардын балдары үчүн жеткиликтүү болушу маанилүү экенин белгилеп, тестирлөө шарттары түшүнүктүү жана адилеттүү болушу керектигин айтты.
Мындан тышкары, делегация ВДНХ аймагында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана эмгек мигранттары менен жолугушту. Жолугушууда мекендештерди тынчсыздандырган маселелер талкууланып, тиешелүү жооптор берилди.
Төрага мамлекет ар дайым өз жарандары менен бирге экенин баса белгилеп, көтөрүлгөн маселелер көзөмөлгө алынарын билдирди.
Расмий сапардын алкагында Марлен Маматалиев жакынкы күндөрү Россиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин жана Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү күтүлүүдө.

