Башкы беткеМекендештер жана тагдырМекендештерРоссиядан рубль жана алтын алып чыгууга чектөө киргизилди

Россиядан рубль жана алтын алып чыгууга чектөө киргизилди

Владимир Путин өлкөдөн накталай рубль жана алтын куймаларын алып чыгууга чектөө киргизген жарлыкка кол койду.

Жаңы эрежеге ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинен тарта Россиядан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерге накталай рубль алып чыгууга чектөө коюлат.

Мындан тышкары, акчаны өлкөдөн Россиянын эл аралык аэропорттору аркылуу гана алып чыгууга уруксат берилет. Бул үчүн банктан алынган каражатты тастыктаган документтер талап кылынат.

Ошондой эле, 2026-жылдын 1-майынан тартып салмагы 100 граммдан ашкан аффинаждалган алтын куймаларын алып чыгууга да тыюу салынат. Бул чектөө жеке жактарга, юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге тиешелүү.

Белгилей кетсек, бул чектөөлөр кредиттик уюмдарга тиешелүү эмес.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар