Башкы беткеРубрикаларБилим берүүМектеп окуучуларына сабак учурунда кол телефон колдонууга тыюу салынды

Мектеп окуучуларына сабак учурунда кол телефон колдонууга тыюу салынды

Мектептеринде сабак учурунда уюлдук телефондорду колдонууга тыюу салынды. Мындай буйрук өлкөнүн бардык мектептерине жиберилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 1-радиого курган маегинде билдирди. 

Анын сөзүнө караганда, ар бир класста кол телефондор үчүн атайын кутучалар болот.Министрлик мектептерде окуучуларга сабак учурунда кол телефон колдонууну тыюу боюнча атайын токтомдун долбоорун иштеп чыккан.

Ага ылайык, балдар мектепке кирген учурда кол телефонун үнсүз режимге коюп, класстардагы атайын кутучуларга салышы керек. Мобилдик телефонун колдонууга танаписте же чукул кырдаал жаралган учурда гана уруксат берилет.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар