whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргыз-вьетнам кызматташтыгы бекемдейт

Кыргыз-вьетнам кызматташтыгы бекемдейт

25-июнда Кытайдын Тяньцзинь шаарында өтүп жаткан “Жайкы Давос – 2025” Дүйнөлүк экономикалык форумунун алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнам Социалисттик Республикасынын премьер-министри Фам Мин Тин менен жолукту.

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Кыргызстан Вьетнам менен эки тараптуу мамилелерди жогору баалай турганын, Вьетнам менен соода-экономикалык кызматташууну жакшыртууга кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде Вьетнамдын премьер-министри Фам Мин Тин эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Вьетнам Кыргызстанды Борбор Азиядагы ишенимдүү өнөктөш катары карай турганын кошумчалады. Ал мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга жана артыкчылыктуу багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-вьетнам кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулап, соода-экономикалык байланыштарды, инвестициялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана саясий диалогду бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары экономикалык чөйрөдөгү бир катар эки тараптуу документтерге, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүү жөнүндө макулдашууга жана кош салык салуудан качуу жөнүндө макулдашууга жакын арада кол коюу максатында тараптардын кароосун тездетүүнү макулдашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-вьетнам мамилелерин мындан ары тереңдетүүгө умтулушаарын ырасташты.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар