whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.11.2025
1.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларАймактарКамчыбек Ташиев: “Тарыхта Нарын шаарына 800 млн сом бөлүнгөн эмес”

Камчыбек Ташиев: “Тарыхта Нарын шаарына 800 млн сом бөлүнгөн эмес”

Мамлекет башчы Садыр Жапаров президенттин фондунан Нарын шаарына 807 млн сом бөлдү. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 25-июнда Нарын шаарында жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты.

Атайын кызматтын башчысы быйыл Нарын облусуна бюджеттен 9,4 млрд сом бөлүнгөнүн белгилеп өттү.

“Тарыхта Нарын шаарына 800 млн сом бөлүнгөн эмес”, — деди Камчыбек Ташиев.

Жакында эле социалдык тармактарга «Нарынга такыр көңүл бурулбай калды» деген билдирүүлөр чыккан. Ошондой эле Нарындык тургун бийлик жетекчилерине ыр менен кайрылган.

Ырдын мазмунунда облустагы социалдык көйгөйлөрдөн баштап, жол курулушу, жергиликтүү бийликтин элге мамилеси, башка аймактарга көңүл бурулганы менен Нарын унутта калып жатканы камтылган.

Бул окуядан кийин Камчыбек Ташиев баштаган бийлик өкүлдөрү Нарын шаарына барды. Буга чейин Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев  аталган арыз-дооматтарга жооп берген.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар