whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
22.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларЭкономикаБишкекте экономиканы өнүктүрүү боюнча форум өттү

Бишкекте экономиканы өнүктүрүү боюнча форум өттү

Бүгүн Бишкек шаарында “Өсүү жана жумуш менен камсыз кылуу” аттуу форум болуп өттү. Бул иш-чараны Юстиция министрлиги, Стратегиялык демилгелер улуттук институту жана Экономика жана коммерция министрлиги биргеликте уюштурушту. Форумга Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү колдоо көрсөттү.

Форумда Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүүнүн жолдору, жумуш орундарын көбөйтүү жана ишкерлерге шарт түзүү маселелери каралды. Өзгөчө мамлекеттик башкарууну дебюрократизациялоо жана түзүмдүк реформалар сыяктуу маанилүү багыттарга басым жасалды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, юстиция министри Аяз Баетов өз сөзүндө соңку жылдары мамлекет башкарууну жеңилдетүү багытында бир топ ийгиликтерге жетишкенин айтып өттү. Ал ошондой эле Юстиция министрлиги мындан ары да Стратегиялык демилгелер улуттук институту, мамлекеттик органдар, бизнес жана эл аралык өнөктөштөр менен биргелешип иш алып барууну улантарын билдирди.

Панелдик талкуунун жүрүшүндө өкмөттүн, эл аралык уюмдардын, жеке сектордун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү реформаларды тездетүү жана алардын практикалык жүзөгө ашырылышын күчөтүү жолдорун талкуулашты. Дүйнөлүк банк 2025–2030-жылдарга карата Орто мөөнөттүү өнүгүү стратегиясын камтыган стратегиялык документтердин негизи болгон өлкөнүн экономикалык меморандумун сунуштады.

Форум мамлекеттик башкарууну дебюрократташтыруу жана модернизациялоону Кыргыз Республикасынын туруктуу өсүшүнүн жана инвестициялык жагымдуулугунун ачкычы катары мындан ары да колдоого алуу ниеттерин билдирүү менен жыйынтыкталды.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар