Олимпиада спортчулары климаттын өзгөрүүсүнө тынчсызданышууда

0
1996

Италияда өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндары спорттук жетишкендиктер менен катар дагы бир олуттуу маселени — климаттын өзгөрүшүн — кайрадан күн тартибине чыгарды. 1950-жылдардын аягынан бери Италия 200 чарчы чакырымдан ашык мөңгү аянтын жоготкон.  Айрыкча Альп тоолорундагы өзгөрүүлөр көзгө дароо урунат. Олимпиадалык шаар Кортина-д’Ампеццо мурда айланасындагы мөңгүлөрү менен белгилүү болсо, бүгүн алардын көбү кескин кыскарып кеткен. Айрымдары толугу менен жок болуп, айрымдары бийик тоолордогу майда муз тилкелерине айланды.

Доломит тоолорундагы эң ири мөңгү Мармолада да жыл сайын аянтын жоготуп жатат. Адистердин айтымында, азыркы ылдамдык сакталып калса, жакынкы ондогон жылдардын ичинде ал дээрлик толук жок болушу мүмкүн.

Белгилүү тоо лыжачылары да бул маселеге кайдыгер эмес. Алардын катарында: Линдси Вонн, Микаэла Шиффрин, Федерика Бриньоне бар. 

Линдси Вонн балалык кезинде Австриядагы мөңгүлөрдө машыгып баштаганын айтып, бүгүн ал жерлердин көбү дээрлик жоголуп кеткенин белгиледи. Анын сөзү боюнча, климаттын өзгөрүшү — бул алыстагы коркунуч эмес, спортчулар күн сайын көрүп жаткан чындык.

Дүйнөдөгү күчтүү лыжачылар жыл бою машыгуу үчүн мөңгүлөрдү колдонушат. Анткени ал жерлерде кар катмары туруктуу жана сапаты жогору болот. Бирок глобалдык жылуулук машыгуу мүмкүнчүлүктөрүн азайтып, мелдештерди өткөрүү шарттарын татаалдаштырууда.

Климаттын өзгөрүшү уланса, кышкы спорттун географиясы өзгөрүп, Олимпиада сыяктуу ири мелдештерди өткөрүү барган сайын кыйын болушу мүмкүн.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз