Башкы беткеСаясат жана коомКоом"Акак" комузчулар ансамбли эл аралык сынактын баш байгесин жеңди

«Акак» комузчулар ансамбли эл аралык сынактын баш байгесин жеңди

Ысык-Көлдөгү «Рух санат» фестивалында 500 миң сомдук баш байгени «Акак» комузчулар ансамбли жеңип алды.

Салттуу музыка боюнча эл аралык сынакка 14 өлкөдөн 82 аткаруучу жана чыгармачыл топ катышкан.

Уюштуруучулардын айтымында, сынак уникалдуу аянтчага айланып, анда байыркы музыкалык салттарды алып жүрүүчүлөр, изилдөөчүлөр, продюсерлер, чеберлер жана материалдык эмес маданий мурастарды сактоо менен алектенгендер бир чөйрөдө жолугушту.

Кыргызстандын атынан үч жеке ырчы жана үч топ катышты.

Сынактын жалпы байге фонду 3 млн сомду түзгөн.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

Баш байге 500 миң сом кыргызстандык “Акак” комузчулар тобуна ыйгарылды.

«Жеке аткаруучу» номинациясында 1-орун Донгак Найданга (Россия) 200 миң сом жана Салтанат Кайрат кызына (Казакстан) 200 миң сом;

«Топ» номинациясында 1-орун “Хараача” (Россия) 300 миң сом жана “Тенгри Саз” (Казакстан) 300 миң сом;

«Жеке аткаруучу» номинациясында 2-орун Гузал Муминовага (Өзбекстан) 150 миң сом жана Чолпон Мелисбековага (Кыргызстан) 150 миң сом;

«Топ» номинациясында 2-орун “Кербез” (Кыргызстан) 200 миң сом жана “Dibbo Gyaani” (Бангладеш) 200 миң сом;

«Жеке аткаруучу» номинациясында 3-орун Кутманаалы Султанбековго (Кыргызстан) 100 миң сом, Акматбек Султановго (Кыргызстан) 100 миң сом жана Шухрат Холхужаевге (Өзбекстан) 100 миң сом;

«Топ» номинациясында 3-орун “Mystical Journey to India By Kartikeya Vashist жана Makrand Sanon (Индия) 150 миң сом жана “Cheon Gung” (Корея) 200 миң сом жана “Nippondaiko Takeru” (Япония) 150 миң сом ыйгарылды.

Салттуу маданиятты жана музыканы аздектеп күтүп келе жаткандыгы үчүн Эл аралык калыстар тобунун атайын диплому менен “Klara Dudas and Borbala Toreky duo” (Венгрия), “Super Trio” (Польша) жана “Каусар” (Казакстан) топтору сыйланды.

Тактап кетсек, фестиваль эки жылда бир жолу уюштурулуп, кийинкиси Жалал-Абад облусунда өтмөкчү.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар