АКШ президенти Дональд Трамп атайын өкүл Уиткофф 6-7-август күндөрү Орусияга барышы мүмкүн экенин, Москва Уиткоффту расмий жолугушууга чакырганын билдирди.
Маалыматка ылайык, эгер Орусия Украинада тынчтыкка макул болбосо, АКШ санкцияларды күчөтүшү мүмкүн. Бирок Трамп бул санкцияларды Орусия көп учурда айланып өтө аларын белгиледи.
АКШ президенти Индия менен Пакистан, Камбоджа менен Таиланд, Конго менен Руанданы мисал келтирип: «Биз бир нече өлкөнү согуштан токтотуп калдык. Эми бул согушту да токтотушубуз керек», — деди.