Башкы беткеМаанилүүЖалал-Абадда Дүйнөлүк олимпиаданын оюндары өтүп жатат

Жалал-Абадда Дүйнөлүк олимпиаданын оюндары өтүп жатат

Жалал-Абад шаарында бильярд боюнча Дүйнөлүк олимпиаданын «Айкалышкан пирамида» оюндары өтүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага президенттин өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутат Шайырбек Ташиев, бильярд боюнча эл аралык калыстар тобу, 20дан ашуун өлкөдөн келген 81 спортчу жана жергиликтүү тургундар катышты.

«Бул олимпиада оюндарынын Жалал-Абад облусунда өтүүсү – аймактагы спорт тармагынын өнүгүүсүнө чоң салым кошот», – деди облус башчысы Тилек Текебаев.

Белгиленгендей, Дүйнөлүк Олимпиадага Кыргызстандын атынан 14 спортчу катышууда. Алардын эң кичүүсү 13 жашта. Оюндардын жалпы байге фонду 5 млн сомду түзөт.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар