whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
25.05.2025
21.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүү"Кыргызстан инвестиция жана өнөктөштүк үчүн туруктуу чөйрө түзүп жатат"

«Кыргызстан инвестиция жана өнөктөштүк үчүн туруктуу чөйрө түзүп жатат»

Кыргызстан инвестиция жана өнөктөштүк үчүн ачык жагымдуу жана туруктуу бизнес чөйрө түзүп жатат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтондо Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Жакынкы Чыгыш, Борбор Азия жана Пакистан, Түркия, Афганистан боюнча аймактык вице-президенти Хела Шейхроуху менен жолугушуу учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, тараптар Кыргызстандагы учурдагы IFC долбоорлорун жана альтернативдик энергетика, суу менен камсыздоо, кичи жана орто бизнес, инвестиция тармагында кызматташууну кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты.

“Бүгүн биз ишенимдүү түрдө айта алабыз, Кыргызстандын инвестиция жана өнөктөштүк үчүн ачык жагымдуу жана туруктуу бизнес чөйрө түзүлүп жатат. Биздин мамлекеттик саясаттын борборунда жеке секторду өнүктүрүү, мыйзамдуулукту бекемдөө, инвесторлорду коргоо жана бардык процесстерде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу турат. Биз санариптештирүү, административдик тоскоолдуктарды азайтуу жана инвесторлорду укуктук жактан коргоону күчөтүү боюнча активдүү иш алып баруудабыз”, – деди Адылбек Касымалиев.

Хела Шейхроуху Кыргызстандын инвестициялык климатындагы оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, Эл аралык каржы корпорациясынын энергиянын кайра жаралуучу булактары жана суу менен камсыздоо жаатындагы долбоорлорго 130 млн доллардан ашык инвестиция салууга даяр экендигин билдирди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар