whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
08.03.2026
8.6 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомБШКнын мурунку төрайымы элчи болуп дайындалды

БШКнын мурунку төрайымы элчи болуп дайындалды

Нуржан Шайлдабекова Кыргызстандын Австриядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Шайлдабекова бул кызматта Европа кызматташтык жана коопсуздук уюмундагы (ЕККУ) Кыргызстандын туруктуу өкүлү катары ишин айкалыштырат.

Ал буга чейин тогуз жылга жакын Борбордук шайлоо комиссиясын башкарып, быйыл февралда кызматтан кеткен. Бул кызматта ал эки жолу президенттик, эки парламентик жана бир нече жолу жергиликтүү шайлоону өткөргөн.

Ал учурда Боршайкомдун дарегине бир топ сындар айтылып келген. 2020-жылдагы талаштуу парламенттик шайлоо бийлик алмашууга алып келсе, Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышында 20дай депутат ар кандай жагдайда мандатынан ажыратылган. Мындан сырткары айрымдарынын диплому кайрадан текшерилип, депутаттык мандаттарынан кол жууган.

Тактап кетсек, буга чейин Кыргызстандын Австриядагы элчиси Төлөндү Макеев болчу.

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар