Башкы беткеРубрикаларАймактарСүлүктүдө жыл аягына чейин эки ири көмүр кени ачылат

Сүлүктүдө жыл аягына чейин эки ири көмүр кени ачылат

Жыл аягына чейин Сүлүктү шаарында эки ири көмүр кени ачылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жакында президентинин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев жаңыдан ачыла турган көмүр кендеринин иши менен таанышты.

Алардын бири «У Линь Групп» ЖЧКнын көмүр кени жыл аягында ачылат. Ишкана жылына 1 млн тонна көмүр өндүрүүгө жөндөмдүү экени жана 300 адам жумуш менен камсыз болору айтылды.

Көмүр кенин ишке киргизүү үчүн 40 млн доллар керектелет, учурда 5 млн доллар жумшалган.

Экинчи көмүр кени «Мурас-1» ЖЧКга таандык. Кубаттуулугу жылына 800 тонна. Учурда ишкананын курулушуна 9 млн сом жумшалган. Жалпы керектелүүчү каражат 11,2 млн сомду түзөт. Ишкананы жыл аягына пайдаланууга берүү пландалган.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар