Президент Садыр Жапаров 2-августта Ысык-Көл облусунун Кыдыр Аке айыл аймагында жайгашкан алыскы Эңилчек айылына барып, жергиликтүү тургундары менен баарлашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов маалымдады.
Эңилчек айылында бүгүнкү күндө 35 үй-бүлө жашайт. Айыл деңиз деңгээлинен 2500 метр бийиктикте жайгашкан. Ал жакка жол бийиктиги 3800 метр болгон ашуу аркылуу өтөт.
Мамлекет башчысын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жана транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев коштоп жүрдү.
Президент алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштарды өнүктүрүүгө толук киришүүгө азыр гана мүмкүнчүлүк пайда болгонун белгилеп, транспорт министрине айылга алып баруучу сапаттуу унаа жолун курууну тапшырды.
Мындан тышкары, жашоочулар балдары бул айылдагы мектепте 9-класска чейин гана окушарын, андан ары орто билимди Каракол шаарында аякташарын белгилешти. Буга байланыштуу Каракол шаарында балдарды турак жай менен камсыз кылуу маселеси талкууланды.
Президент Садыр Жапаров алыскы аймактардын жашоочуларынын турак жай маселелерин чечүүдө МИК багыты боюнча колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүгү караларын билдирди.

