Башкы беткеСаясат жана коомКоомАдылбек Касымалиев БУУнун конференциясына катышуу үчүн Түркмөнстанга барат

Адылбек Касымалиев БУУнун конференциясына катышуу үчүн Түркмөнстанга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 4-5-август күндөрү, деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча БУУнун Үчүнчү конференциясына катышуу иш сапары менен Түркмөнстандын Аваза туристтик аймагына болот. 

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында өкмөт башчысы БУУнун Үчүнчү конференциясынын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле Адылбек Касымалиев Борбор Азия жана Азербайжан мамлекеттеринин башчыларынын жетинчи консультативдик жолугушуусуна арналган жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышат.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар