Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тармактык комитеттеринин төрагалары шайланды.
Жыйында депутаттык фракциялар жана топтор комитеттердин төрагалыгына өз талапкерлерин сунушташты. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында төмөнкү депутаттар комитет төрагалары болуп шайланды:
Курманкул Зулушев — Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы;
Эльдар Сулайманов — Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагасы;
Бакыт Тентишев — Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасы;
Токтобүбү Ашымбаева — Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы;
Куванычбек Конгантиев — Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасы;
Алтынбек Кудайбердиев — Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы;
Болотбек Борбиев — Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрагасы;
Гүлсүнкан Жунушалиева — Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрагасы.
Комитеттердин төрагаларынын шайланышына байланыштуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.


