Кыргызстан менен Ооганстандын ортосунда 157 млн долларлык келишимдерге кол коюлду

Кабул шаарында өткөн кыргыз-ооган бизнес форумунун жыйынтыгында жалпы суммасы 157 миллион долларды түзгөн товарларды жана кызматтарды жеткирүү боюнча 11 өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жетишилген келишимдердин алкагында Кыргызстан Ооганстанга товарларды жана кызматтарды экспорттойт.

Келишимдер төмөнкү тармактарды камтыйт:

  • телекоммуникациялык жабдуулар,

  • цемент өндүрүмдөрү,

  • бут кийим,

  • дары-дармек каражаттары,

  • бал,

  • логистикалык кызматтар,

  • айыл чарба продукциялары.

Министрликтин маалыматына караганда, бул меморандумдар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана ишкердик байланыштарды бекемдөөгө багытталган.

Эске салсак, буга чейин Кабул шаарында Кыргыз Республикасынын Соода үйү ачылганы кабарланган. Бул кадам кыргыз товарларынын ооган рыногуна чыгышына жана экспорт көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз