Кыргыз улуттук драма театры Өзбекстанда “Акыркы кат” спектаклин тартуулайт

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры бүгүн Өзбекстанда “Акыркы кат” спектаклин көрүүчүлөргө сунуштайт. Бул тууралуу театрдын расмий өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иш-чара театрдын 100 жылдыгынын алкагында уюштурулуп, эки элдин маданий байланышын чыңдоого багытталган. Спектаклдин автору — Кыргыз эл жазуучусу Кайрат Иманалиев, ал эми режиссёру Уланмырза Карыпбаев.

Театрдан белгилешкендей, кыргыз интеллигенциясынын түптөөчүлөрүнүн жана көрүнүктүү ишмерлеринин көпчүлүгүнүн өмүр жолу Ташкент шаары менен байланышкан. Бул сапар аркылуу театр жамааты маданий кызматташууну бекемдеп гана тим болбостон, кыргыз тарыхын коңшу өлкөнүн жаш муундарына таанытууну да максат кылууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз