Башкы беткеМинистрлер кабинети“Euronews” Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

“Euronews” Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар

Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев “Euronews” маалымат телеканалынын президенти Педро Варгас Давидди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар узак мөөнөттүү өнөктөштүктү түзүү жана Кыргызстан тууралуу маалыматтык контентти эл аралык деңгээлде жайылтуу маселелерин талкуулашты.

МинКаб Төрагасы “Euronews” телеканалынын дүйнөлүк аудитория үчүн объективдүү жана тең салмактуу күн тартибин түзүп, дүйнөдөгү алдыңкы маалымат булактарынын бири катары өзгөчө маанисин белгиледи.

Ал белгилегендей, учурда Кыргызстан динамикалык өнүгүүнү башынан кечирип жатат. Өлкө аймактагы позициясын бекемдөөгө жана эл аралык коомчулук менен ачык, конструктивдүү диалог курууга умтулууда.

Кыргыз тарап өлкөдөгү негизги процесстерди, анын ичинде ШКУнун жыйынын жана 2026-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү сыяктуу маанилүү эл аралык окуяларды массалык маалымат каражаттарында чагылдырууга кызыкдар экенин билдирди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, 2026-жыл өлкө үчүн маанилүү жыл – Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына 35 жыл толот. Бул тарыхый дата эгемендикти орнотуу жана улуттук өзгөчөлүктү өнүктүрүү жолун билдирет.

Өз кезегинде телеканалдын президенти Педро Варгас Давид жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ал Кыргыз Республикасына биринчи жолу келип жатканын белгиледи. Ал узак мөөнөттүү кызматташууга абдан кызыкдар экенин билдирип, канал Кыргызстандын жетишкендиктерин дүйнөлүк аудиторияга көрсөтүү үчүн глобалдык аянтча болууга даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын ырасташты.

Гезит

Уңгужол жана илим

Адамзат тарыхына бир саам ой жүгүртүп, баам салсак, ар бир цивилизациянын пайда болушу, гүлдөп-өнүгүшү биринчи кезекте акылга, элдик билимге жана илимий чечимдерге байланыштуу болгон....

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар