“Социалдык контракт” программасынан 48 миңден ашуун жаран колдоо алды

0
1611

Жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга багытталган “Социалдык контракт” программасынын алкагында 2022–2025-жылдары 48 миң 557 жаран менен келишим түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады.

Берилген маалыматка ылайык, долбоорлордун басымдуу бөлүгү айыл чарба тармагына туура келип, жалпы үлүшү 73,3%ды түздү. Ошондой эле программа өндүрүш, соода жана кызмат көрсөтүү багыттарында да ишке ашырылган.

Программага катышкандардын 94,2%ын айыл жеринде жашаган аялдар түзөт. Демилгенин натыйжасында 57 миңден ашык жаңы жумуш орундары түзүлүп, 228 миңден ашуун жарандын жашоо-шарты жакшырган. Ал эми алгачкы катышуучулардын айрым үй-бүлөлөрүнүн жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан.

Алгач социалдык жардамдын көлөмү 100 миң сомду түзсө, 2025-жылы ал 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Мындан тышкары, 2024-жылдан тарта катышуучуларга мамлекеттик банктар аркылуу 200 миң сомго чейин 3 жылдык мөөнөткө пайызсыз насыя берүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. 2024–2025-жылдары мындай колдоону 1200гө жакын үй-бүлө алган.

Программанын алкагында 1329 чакан ишкана ачылып, анын ичинен 186сы жеке ишкер катары катталган. Дагы 1143ү патент менен иш алып барса, 4 ишкана жоопкерчилиги чектелген коом формасында иш жүргүзүүдө.

2026-жылы программа аркылуу 13 миң 334 үй-бүлө менен келишим түзүү пландалууда. Бул максатта 2 млрд сомдон ашык каражат каралып, 2026-жылдын 1-мартына карата 607 келишим түзүлгөн. Учурда арыздарды кабыл алуу жана катышуучуларды тандоо иштери уланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз