Адылбек Касымалиев Баку шаарына иш сапары менен барды

0
1017

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Баку шаарына иш сапары менен барды.

Сапардын алкагында ал Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана вице-президенттеринин экинчи жыйынына катышат.

Мындан тышкары, жыйындын катышуучулары менен биргеликте Илхам Алиев менен жолугушуу пландалууда.

Ошондой эле Адылбек Касымалиевнин Жевдет Йылмаз менен эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз