Иран согушту токтотууга даяр экенин билдирди

Ирандын президенти Масуд Пезешкиан өлкөсү Израиль жана АКШ менен болгон кагылышууну токтотууга даяр экенин билдирип, бул үчүн коопсуздук кепилдиктери талап кылынарын айтты.

Анын айтымында, кырдаалды турукташтыруу үчүн АКШ менен Израиль аскердик аракеттерин токтотушу керек. Бул тууралуу ал Европа кеңешинин төрагасы менен болгон телефондук сүйлөшүүдө белгилеген.

Өз кезегинде европалык тарап Жакынкы Чыгыштагы абал өтө кооптуу экенин айтып, Иранды чыңалууну азайтууга жана маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Ошол эле учурда АКШнын коргоо министри жакынкы күндөр кырдаал үчүн чечүүчү болорун билдирди. Ал кургактагы аскерлерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн толук четке каккан жок. АКШ тарап согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдап, Ак үйдө сүйлөшүүлөр активдүү уланып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, АКШнын президенти союздаш өлкөлөрдү Ормуз кысыгын ачуу маселесинде жетиштүү колдоо көрсөтпөгөнү үчүн сынга алды. Ал күйүүчү май баасынын өсүшүнө нааразы болгон мамлекеттерди өз алдынча чара көрүүгө чакырды.

Учурда дүйнөдө күйүүчү май кымбаттап, АКШда бензиндин орточо баасы акыркы жылдардагы эң жогорку деңгээлге жетти.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз