Башкы беткеСаясат жана коомКоомМИК: “Мурас” турак жай комплексине 1200 орундуу унаа токтотуучу жай курулат

МИК: “Мурас” турак жай комплексине 1200 орундуу унаа токтотуучу жай курулат

Бүгүн, 9-апрелде президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев “Мурас” турак жай комплексиндеги курулуш иштеринин үчүнчү этабы менен таанышты. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

МИКтин маалыматына ылайык, анда Каныбек Туманбаев бардык курулуш иштеринин талаптары так сакталууга тийиш экенин белгиледи.

Бугүнкү күндө анда көрктөндүрүү иштери жана инфраструктураларды куруу каралган. Унааларды токтотуу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, жер үстүндөгү жана жер алдындагы унаа токтотуучу жайлардан тышкары 1200 орундуу көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайдын курулушу пландалган.

Мындан тышкары, турак жай комплексинин аймагында мектеп жана бала бакча курулат.

Белгиленгендей, “Мурас” турак жай комплексинде жалпысынан 39 блок, анда 4754 батир бар. Буга чейин турак жай комплексинде 19 блок пайдаланууга берилген.

Гезит

Салык системасындагы реформалар

          Мамлекеттик салык кызматы бүгүнкү күндө терең институционалдык трансформация баскычынан өтүүдө. Мамлекет акырындап басымга негизделген эски моделден чыгуу менен, экономиканы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар