Башкы беткеСаясат жана коомКоомБашкы прокурордун Тергөө комитетин түзүү боюнча пикири

Башкы прокурордун Тергөө комитетин түзүү боюнча пикири

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева башкы прокурор Максат Асаналиевден өлкөдө Тергөө комитетин түзүүгө карата позициясын сурады.

Башкы прокурор Максат Асаналиев өз кезегинде коомдук резонанс жараткан, оор, экономикалык жана кызматтык кылмыштарды Тергөө комитетине тапшыруу туура болот деген пикирин билдирди.

“Тергөө функциялары учурда ички иштер органдарында, коопсуздук органдарында, Бажы кызматында, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында жана прокуратуранын системасында — Аскер прокуратурасында жүргүзүлөт. Бул боюнча ар кандай көз караштар болуп, коомдо талкуулар жүрүүдө. Бүгүнкү күндө бул боюнча кандайдыр бир конкреттүү мыйзам долбоорун көрө элекмин. Ошондуктан коомдук резонанс жараткан оор, экономикалык жана кызматтык кылмыштарды Тергөө комитетине тапшыруу туура болот”, — деди башкы прокурор.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар