Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыГарвард университети Трамптын администрациясын сотко берди

Гарвард университети Трамптын администрациясын сотко берди

Гарвард университети Трамптын администрациясына карата сотко доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу The New York Times басылмасы 26-майда кабарлады.

Университеттин арызында АКШнын федералдык өкмөтү чет элдик студенттерди окутууга тыюу салуу менен “мыйзам бузганын” билдирген. Гарвард чет өлкөдөн келген студенттерди окутуу укугун коргой турганын белгиледи. Учурда окуу жайда дүйнөнүн 140тан ашык өлкөсүнөн келген студенттер билим алат.

Бул чечимге Улуттук коопсуздук департаментинин (DHS) башчысы Кристи Ноемдин 22-майдагы буйругу себеп болду. Анда Гарвард “Чет элдик студенттер менен алмашуу” (SEVP) программасынын талаптарын аткарган эмес деп көрсөтүлүп, анын сертификаты жокко чыгарылган.

Гарварддын маалыматына ылайык, чет элдик студенттер окуу жайдагы жалпы студенттердин 27,2%ын түзөт. 2025–2026-окуу жылына карата окуу акысы 59 320 доллар.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар