Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусундагы Барскоон — Бедел эл аралык унаа жолунда өлкөдөгү эң ири эки туннелдин курулушуна расмий старт берди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Долбоорго ылайык, Сөөк жана Ашуу-Суу ашууларында эки тоннел курулат. Сөөк ашуусундагы туннелдин узундугу 5 340 метр, ал эми Ашуу-Суу ашуусундагы туннел 3 840 метр болот. Бул Кыргызстан тарыхындагы эң узун жана техникалык жактан татаал туннелдердин бири деп эсептелет.
Бакыт Төрөбаев: «Президентибиз Садыр Жапаров так жана ачык талап койду. Курулуш иштерин кечиктирбей, мөөнөттө жана сапаттын эң жогорку стандарттарына ылайык жүргүзүү зарыл», – деди.
Барскоон — Бедел автожолунда көпүрөлөр, кар көчкүдөн сактоочу галереялар, таш кулоо жана сел коргоочу тосмолор курулат. Мындан тышкары, жол жүрүүчүлөр үчүн бардык керектүү объекттер да уюштурулат. Жолдун жалпы узундугу болжол менен 150 чакырымды түзөт.
Учурда курулуш иштерине 287 адис жана жол курууга багытталган 162 атайын техника тартылган. Куруучулар үчүн бардык шарттар менен 4 лагерь да курулган.
Барскоон — Бедел эл аралык автожолу Кыргызстандын транспорттук байланыштарын өнүктүрүүдө маанилүү долбоор болуп, туннелдердин курулушу жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, убакытты үнөмдөөгө жана өлкөнү аймактык транспорттук-логистикалык түйүн катары чыңдоого өбөлгө түзөт.

