Башкы беткеАктуалдуу маекТамила Маматова: “Азыр сындалганы менен ал түбөлүктүү болот”

Тамила Маматова: “Азыр сындалганы менен ал түбөлүктүү болот”

Быйыл жаз алды менен 2011-жылы Ала-Тоо аянтына коюлган Манастын эстелиги алынып, анын ордуна өткөн аптада КРнын, Казакстандын маданиятынын отличниги, белгилүү скульптор, көптөгөн эл аралык сыйлыктардын ээси Тамила Маматованын өнөрканасынан чыккан Манастын эстелиги орнотулду. Бул тарыхый эстелик боюнча ар кандай сын-пикирлер, мактоолор айтылгандыктан автордун өзүнө, сүрөтчүлөргө, манасчыларга айрым суроолор менен кайрылдык.

— Тамила айым, жакында эле Бишкектин Ала-Тоо аянтында сиздин өнөрканаңыздан чыккан Манас бабабыздын айкели тургузулду. Бул эстелик тууралуу социалдык тармактарда ар кандай пикир айткандар, мактагандар, сындагандар да болуп жатат. Муну кандай кабыл алдыңыз?

– Скульптура тарыхында дайыма эле мындай сындар болуп келген жана боло берет. Анын үстүнө бул – чыгарма. Ошол себептен мен ар бир комментарийге теригип, жооп берген жокмун. Бул эстеликти мен улуу
манасчы Саякбай Каралаевдин “Манасындагы” сүрөттөөнүн негизинде жасадым.
Анда:

…Билеги жоон, таш жүрөк,
Бил мүчөлүү бадирек.
Балбандыгы бир канча,
Баатырдыгы бир башка,
Жалаяк ооз, жар кабак…
Сөлөкөтү-сөлбөтү,
Атка минген келбети —
Майлаган буудай жүздөнгөн,
Күүгүм туман көздөнгөн,
Орто бойлуу, кең далы,
Жалаяк ооз, жар кабак,
Артык балбан, ары шер”, – делет. Андыктан бул эмгегимде мен ойлоп тапкан эч нерсе жок. Менимче, “Манаска окшошпой калыптыр” дегендер өздөрү Манасты жакшы окуп, изилдешпегендей. Өзүм бала кезимен “Манас” эпосун көп окуп, кийин да Манас темасына утур-утур кайрылып, көп издендим. Элге белгилүү болгондой былтыр Берлиндеги “Бала манасчынын” эстелигин, быйыл Саякбай Каралаевдин портретин жасадым. 2016-жылы Ысык-Көлдө Манас атабыздын айкелин кумдан көлөмдүү кылып жасап, эл абдан жакшы кабыл алган. Кыскасы, “Эл оозунда элек жок” дегендей, айтылган сын-пикирлерге анча деле капа болгон жокмун. Атактуу скульптор Зураб Церетели деле Пётр Iнин эстелигин Москвага койгондо сындагандар абдан көп болуп, 10 жыл бою талаш-тартыш жүргөн. Ага карабай ал эстелик азыр да турат. Борборубузда Бишкек баатырдын эстелиги тургузулганда да аны сындашып, азыркы Президентибизге окшоштурушкандар болду. Журналисттер ал эстелик боюнча менин пикиримди сурашканда Бишкек баатырды эч ким көрбөгөнүн, андыктан аны жакшы жаралган чыгарма катары кабыл алуубуз керектигин айткам. Анын сыңарындай, бул менин ак эмгегим, мээнетим.

– Элге белгилүү айрым сүрөтчүлөр Манас кыргыз рухунун туу чокусу, улуттук сыймыгы болгондуктан мындай олуттуу, маанилүү эстеликти жасоо үчүн мамлекеттик деңгээлде конкурс өтүшү керек эле деп жатышат…

– Чын-чынына келгенде буга чейинки коюлган Манастын эстеликтерине деле эч кандай конкурс жарыяланган эмес. Ошол эле Тургунбай Садыков, Базарбек Сыдыков жасаган эстеликтер конкурсу жок эле мамлекеттик буйрутма менен жасалган. Мага дагы ошондой тапшырма болуп, аны мөөнөтүндө бүтүрүш үчүн күнү-түнү иштедим.

– Азыркы Манас эстелигин Калмак Республикасынын борбору Элиста шаарында 2007-жылы орнотулган Жангар баатырдын айкелине да окшоштуруп жатышат…

– Негизи жылкы баласы бардык жерде бирдей, окшош.  Элистадагы эстеликке келсек анын аналогу биздин Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдында турат. Биздики 1981-жылы коюлган. Демек калмактар тескерисинче биздикине окшош-
турушкан. А мен жасаган эстеликтин Элистадагыга окшоштуктарын көргөн жокмун. Меникинде баатырдын буттары, турган турпаты, аттын деми такыр башкача.

Мейли, азыр сындагандар сындай беришсин. Бирок, бул эмгегим убагында сындалып, кийин сахнадан түшпөй коюлган “Кармен” операсындай түбөлүктүү болот. Мен буга ишенем. Себеби, Манас эстелигин жасоо мага жөн жеринен эле берилип калган жок. Бул дагы бир Жараткандын, Манас бабабыздын колдоосу, буйругу жана менин мээнеткечтигим менен болду окшойт.

– Кыргыз эл сүрөтчүсү Асан Турсункулов сизди биз менен кеңешсе жакшы кеп-кеңештерибизди айтат элек деди. Мындай чоң эмгекти жасоодо кимдер менен кызматташтыңыз?

– Эстелик орнотула электе ал агай социалдык тармактарга пост жазды. Ошондо мен “Агай сиз эскизди эле көрүп жатасыз, иш бүтө элек” деп жооп бергем. Кийин үч жолу чалсам ал киши алган жок. Эгер ал киши чындап мага, Манаска күйүп жатса “Тамила, мобул жери туура эмес болуп калыптыр” десе ал кишини укмакмын. Себеби, мен ал кишини сыйлайм. Анан албетте, бул эстелик көлөмдүү болгондуктан эки айдай онго жакын скульпторлор менен иштештим. Даяр болгон эстеликти темирге которгондо жардам берген скульпторлор да болду.

– Эстелик эмне материалдан даярдалды жана жалпы салмагы канча болду?

– Скульптуранын салмагы 4 тонна болду. Себеби, менин композициям постаментте 15 градус жантайып турат. Эгер эстелик оор материалдан жасалса ал көтөрө алмак эмес. Ошондуктан жеңилирээк болсун деп бетондон жасалган эстеликти жез менен каптап чыктык. Эстеликтин бийиктиги 15 метр болгондуктан ачык жерде жасадык.

– Онго жакын скульпторлор жардам берди деп жатасыз. Аларды атай аласызбы?

– Жез менен каптоону Дастан Пазылов агайыбыз жардамчылары менен жасашты.

Сүрөтчүлөр сүйлөштү,
манасчылар үндөшпөдү

Элдин эсинде болсо буга чейин КРнын эл сүрөтчүсү Асан Турсункулов жана КРнын Сүрөтчүлөр союзунун айрым мүчөлөрү бул эстеликти тургузууга каршы чыгышып, социалдык тармактар аркылуу жогору жакка кайрылуу жолдошкон. Бир тараптуу болбосу үчүн биз Асан Турсункуловго байланышканыбызда ал буга чейин эстелик тууралуу оюн билдиргенин айтып, эми бир нерсе дегенде кеч экенин билдирди. “Биз сүрөтчүлөр муну койбой туруп, конкурс кылгыла деп жакшы эле коңгуроо кактык. Сүрөтчүлөр союзунун атынан Президентке, Министрлер Кабинетине, Маданият министрлигине кайрылуу жолдогонбуз. Такыр болбогондо видеокайрылуу да кылдык. Себеби, бул эстеликтин көп жеринде каталар бар. Жоого чаап бара жаткан болсо аттын куйругу түйүлүп, найза алдыга сунулат. Ат чаап бара жатканда адам үзөңгүгө туруп албайт. Убагында сүрөтчү катары “Койгула, мындай болбойт, Президентти уят кылбагыла” деп айткам. Айтканым интернетке чыккандан кийин бийликтегилер деле билди да, кантип билишпесин. Билгенден кийин “Кана эмне деп жатасыңар, келгиле кеңешели деп адистерди угуп, бир айдын ичинде оңдоп койсо болмок. Кыскасы, бул автордун гана күнөөсү болуп калды. Бийликтегилер деле муну укмуш жасайт деп ишенди да. Тамила биздей болгон агаларын чакырса биз дагы кеңешибизди бермекпиз. Мамлекет тарабынан берилген өтө жооптуу иш болгондуктан автор мыкты жасаш керек болчу. Жасай албаса моюнуна албашы керек эле. Эпосто Манас бала кезинен кандай болгону так жазылып турбайбы. 20 жашында Манас тоону томкоргон алп болгон да. А бул жерде жөн эле ат чаап бара жаткан чабандестин образы болуп калган. Бул боюнча “Манас” улуттук академиясы, манасчылар эмнеге унчугушпайт. Бир комментарий жазышкан жок. Аларга баары бирби? Кыскасы, бул өтө осол иш болуп калды”, – дейт А.Турсункулов.

Бул боюнча пикирин билүү максатында белгилүү манасчы, Гиннес рекорддор китебинин “Эң узак Манас айтуу” бөлүмү боюнча рекордсмени, КРнын эмгек сиңирген
артисти Рысбай Исаковго жана “Манас” улуттук академиясынын жетекчиси Азиз Биймырза уулуна кайрылдык. Тилекке каршы, эч кандай жооп ала албадык. Сүрөтчүлөр го сүйлөп беришти. Манастын маанисин билген манасчылардан үн
чыкпады.


Мелис СОВЕТ уулу,
“Кыргыз Туусу”   

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар