whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
13.06.2025
22.4 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешКылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестри ИИМге өтөт

Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестри ИИМге өтөт

Жогорку Кеңеш 21-майда кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрин Башкы прокуратурадан Ички иштер министрлигине (ИИМ) өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алды. Бул чечим Президент Садыр Жапаровдун 16-майда кол койгон жарлыгынын негизинде ишке ашууда.

Мыйзамдын кабыл алынышы менен “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” жаңы жоболор күчүнө кирип, реестрди көзөмөлдөө милдети расмий түрдө ИИМге өтөт. Президент жарлыгында мындай кадам “мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу” максатын көздөөрүн белгилеген.

Мындан улам Министрлер кабинетине тиешелүү укуктук актыларды бир жуманын ичинде парламентке киргизүү тапшырмасы берилген. Жогорку Кеңеш бул демилгени колдоп, мыйзам долбоорун тез арада карап чыгып, кабыл алды.

Кылмыштарды жана тартип бузууларды каттоонун бирдиктүү реестри Кыргызстанда 2018-жылдан бери колдонулуп келет. Аны көзөмөлдөө жана жүргүзүү башында Башкы прокуратуранын ыйгарым укугунда болгон. Бул система жарандарга арыздарынын каралышы, тергөөнүн жүрүшү жана соттук чечимдер тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк берүү максатында түзүлгөн.

Мыйзам күчүнө кирген соң, бул маалыматтык система жана ага байланыштуу ыйгарым укуктар ИИМге өтүп, ички иштер органдарынын жоопкерчилиги кеңейет. Өзгөрүүнүн канчалык натыйжалуу болору алдыда практикада көрүнө турган маселе бойдон калууда.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар