whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыCOVID сабактары: 124 өлкө биргелешкен аракеттерге макул болду

COVID сабактары: 124 өлкө биргелешкен аракеттерге макул болду

Женевада өткөн Саламаттык сактоонун дүйнөлүк ассамблеясынын 78-сессиясында пандемия маалында көрүлө турган глобалдык аракеттер тууралуу жаңы эл аралык макулдашуу кабыл алынды. Бул документ боюнча сүйлөшүүлөр COVID-19 пандемиясынан кийин башталып, үч жылга созулган.

20-майда кабыл алынган бул макулдашууну 124 мамлекет колдоп берди. Бирок Орусия, Италия, Словакия, Польша, Израил жана Иран баштаган 11 өлкө добуш берүүдөн карманды.

Макулдашууда дары-дармектерди, вакциналарды жана медициналык жабдууларды иштеп чыгуу, жеткирүү жана колдонуу маселелери каралган. Документ ошондой эле пандемия маалында ресурстарды калыс бөлүштүрүү жана маалымат алмашууну күчөтүү максатын көздөйт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус бул макулдашуу менен мамлекеттер пандемиялык коркунучтарга каршы биргелешип аракет көрүүдө акыйкаттуулукту бекемдеп жатканын айтты.

AFP агенттиги кабарлагандай, талкуу учурунда өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн ортосунда пикир келишпестиктер чыккан. Айрыкча COVID-19 пандемиясында вакцина таркатуудагы адилетсиздик маселеси катуу сынга алынган.

Макулдашуу күчүнө кириши үчүн кеминде 60 өлкө тарабынан расмий түрдө ратификацияланышы керек.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар