whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.06.2025
21.7 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыАКШ жаңы атом бомбасын рекорддук мөөнөттө жасап бүттү

АКШ жаңы атом бомбасын рекорддук мөөнөттө жасап бүттү

АКШ дүйнөдөгү эң кубаттуу ядролук куралдардын бири болгон жаңы B61-13 атом бомбасын өндүрүп бүттү. Бул тууралуу АКШ Энергетика министрлиги расмий жарыялады.

Министр Крис Райт билдиргендей, бомба пландагыдан бир жыл эрте, болгону эки жылдын ичинде даяр болду. Мындай ылдамдык АКШнын ядролук мүмкүнчүлүктөрүн кыска убакытта жаңырта аларын көрсөтөт.

B61-13 — мурдагы B61-12 үлгүсүнүн негизинде иштелип чыккан, бирок кубаттуулугу 360 килотоннага чейин жетет. Бул аны жер алдындагы бункерлерди жана стратегиялык объекттерди жок кылууга ылайыкташтырат.

Райт мындай өнүгүү «Трамптын “Күч аркылуу тынчтык” стратегиясынын» бир бөлүгү экенин белгилеп, бул курал АКШнын күчүн союздаштарга да, атаандаштарга да көрсөтөт деди.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар